• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Евразия экономикалык форуму. 4 миңден ашык милиция коомдук тартипти сактайт

19 Бугу 2022 13:45 Бишкек Govori.TV

Евразиялык экономикалык форум учурунда төрт миңден ашык
милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык биримдигине
кирген мамлекеттердин башчыларынын расмий сапарлары болгон маалда коопсуздукту камсыздоо үчүн Ички иштер органдарынын баардык түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. 2022-жылдын 26-28-май күндөрү коопсуздукту камсыздоого 4 миңден ашык милиция кызматкери жана 200 ашык унаа чыгат.

«Өтө турган иш-чаралардын маанилүү экенине байланыштуу, Ички иштер министрлиги шаар тургундары менен конокторун өткөрүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, айдоочулук маданиятты жана эрежелерди сактап, белгиленбеген жерге унааларды токтотпоого жана
көзөмөлсүз калтырбоого, жол тыгындары жана башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык болбошу үчүн карама-каршы тилкеге чыкпоону,
мерчемделген жактарга тыгында же жолдо калбаш үчүн эрте чыгууну, жүктөр болсо иш-чара өткөн күндөрдөн башка күндөрү ташып алууну, жол жээктеринде соода сатыктарды токтотууну суранат»,-деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле ИИМ ушул күндөрү чет өлкөгө жана республиканын башка аймактарына учуп кетүүнү жана сапарга чыгууну көздөгөн жарандар, жогорудагы жолдорду айланып өткөн альтернативдүү жолдорду тандоого же коомдук транспорттор менен жүрүүнү эрте мерчемдөөгө чакырды.

Количество просмотров: 146