• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Евразия өнүктүрүү банкынан 9 мектеп курууга грант алуу маселеси каралды

16 Тогуздун айы 202412:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаева маалымат берди.

Ал маалымдагандай, бул макулдашууда грант берүү тартиби каралган, анын алкагында ЕАӨБ Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмунун курулушун, аларды материалдык-техникалык жактан жабдууну жана Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Кыргыз Республикасы өз кезегинде долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Өкмөттөр аралык макулдашууда каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздайт. Мектептердин курулушу жана материалдык-техникалык жактан жабдылышы аяктагандан кийин ЕАӨБ аларды Кыргыз Республикасына акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берет.

Количество просмотров: 115