• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Япония Кыргызстанга 1 млн доллар гранттык жардам көрсөтөт

3 Жетинин айы 202211:31 Бишкек Govori.TV

28-октябрда Япония өкмөтү Кыргызстанга 1 млн доллар өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алганын Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, жардам кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандагы гуманитардык кырдаалдын курчушуна жооп катары көрсөтүлүүдө.

«Бул жардам аркылуу Япония өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы (БУУ КЖКБ) менен биргеликте тамак-аш, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар, коргоо жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 132