• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши кезексиз жыйынга чогулду

25 Баш оона 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Армения Республикасынын Цахкадзор шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Отурумга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын өкмөт башчылары дагы катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилдеги стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана маанилүү багыттары жөнүндө Декларациянын долбоору боюнча пикир алмашты. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров интеграциялык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун жана ЕЭКке зарыл ыйгарым укуктарды берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кезексиз жыйындын жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине Санкт-Петербург декларациясынын долбоорун Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы отурумунда акыркы вариантын кароо максатында иштеп чыгууну тапшырышты, ал жыйын 2023-жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт.

Количество просмотров: 148