2024-жылдагы Европа чемпионатынын тайпалык этабындагы үчүнчү матчта Грузия курамасы Португалиянын футболчуларын жеңди.
Оюн Германиянын Гельзенкирхен шаарындагы “Фелтинс-Арена” стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде грузиндердин пайдасында жыйынтыкталды.
Грузия D тобунда үчүнчү орунду ээлеп, 4 упай менен Евро-2024 мелдешинин плей-офф баскычына жолдомо алды. Грузиялыктар улуттук курама командасынын Португалия менен болгон оюндагы жеңишин майрамдоодо.
Белгилей кетсек, футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтүп, 24 команда катышууда.