• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Европа өлкөлөрүндө маймыл чечегин жуктургандар аныкталды

21 Бугу 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

Европанын 9 өлкөсүндө маймыл чечегине чалдыккандар катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, АКШ, Канада, Австралия, Испания, Португалия, Улуу Британия, Франция, Италия, Швеция, Бельгия баштаган ондогон өлкөдө маймыл чечегинин (monkeypox – обезьянья оспа) кишилерге жуккан жаңы учурлары катталып, саламаттык сактоо органдары изилдөө иштерин баштады.

Инфекция Африканын борбордук жана батыш бөлүгүндөгү алыскы райондордо көбүрөөк тараганы белгилүү. Башка өлкөлөрдүн жарандары ушул чөлкөмгө саякатка келип, жуктуруп кеткен болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) инфекциялардын булагы азырынча аныктала электигин билдирүүдө.

Маймыл чечеги – сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алган адамдардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бирлери кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.

Количество просмотров: 224