• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Европанын шаарларында жапырт акциялар өттү

2 Бугу 2023 9:30 Бишкек Govori.TV

1-майда Европанын көптөгөн шаарларында демонстрациялар менен акциялар өттү. Алардын катышуучулары өз бийликтеринен эмгек шарттарын жакшыртууну жана социалдык системаны реформалоону талап кылышты.

Эң көп адам катышкан акциялар Франциянын шаарларында өттү. Француздар буга чейинкидей эле өкмөттүн пенсиялык реформасына (пенсияга чыгуу курагын 62 жаштан 64 жашка көтөрүү) каршылык билдиришти. Парижде эле демонстрацияга 550 миң киши чыкканы кабарланды. Жергиликтүү полиция алардын саны 230 миң болгонун билдирди. Демонстранттар дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, полицияга таш ыргытышты. Жооп катары күч түзүм кызматкерлери союлдар менен көздөн жаш агызчу газ колдонду. Жыйынтыгында жалпы өлкө боюнча ондогон киши кармалды.

1-майда Германиянын Берлин шаарында да миңдеген киши акцияга чыкты. Немис өкмөтүн социалдык саясатты өнүктүрүүгө чакырган демонстранттардын арасында Палестинанын эгемендигинин тарапташтары да болду. Алар антиизраилдик ураандарды кыйкырышты. «Еврей форуму» уюму алардын бул аракетин антисемитизм катары баалады.

Бул күнү Германиянын башка аймактарында да жүрүштөр өттү. Кобленц шаарындагы демонстранттардын алдына канцлер Олаф Шольц чыгып сүйлөдү. Ал жарандарды бардык эмгекти сыйлоого, квалификацияларды жогорулатууга чакырып, Германиянын эмгек базары үчүн иммиграциянын маанилүүлүгүн белгиледи. Штутгарт шаарындагы демонстрация маалында башаламандык башталып, полиция катышуучуларга каршы газ жана союлдарды колдонду.

Швейцариянын Базель жана Цюрих шаарларындагы жапырт акцияларга 10 миңге жакын адам катышты. Алар пенсияны жана маяналарды жогорулатууну талап кылып, пиротехникаларды күйгүзүштү. Полиция акция катышуучуларына каршы көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдонууга аргасыз болду.

Испаниядагы митингдин катышуучулары инфляция күчөгөнүн айтып, маяналарды жогорулатууну талап кылышты. Акция маалында төрт күндүк иш жумасына өтүү чакырыктары да айтылды. Мындан тышкары бийликке юристтер өзүнчө талап коюшту. Испан мыйзамдарына ылайык, юристтер өз кардарларына дем алышсыз жылына 365 күн кызмат көрсөтүүгө даяр болушу керек. Алар бийликтен дем алыш күндөрү эс алууга мүмкүндүк бергидей мыйзамдарды реформалоону талап кылышты.

1-майда жапырт акциялар Италиялын, Грекиянын, Түркиянын жана Европанын башка өлкөлөрүндө да өттү.

Количество просмотров: 61