Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.
Жашы жете элек өспүрүм кыздар түндө эжесинен качып Ошко кеткенге аракет кылышты.
Акыйкатчынын аппаратынын маалыматына ылайык, кечээ, 21-июнда, саат 21:05 алардын “115 шыр байланыш” кызматына Батыш автобекетинен Бишкек-Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташыган айдоочулар телефон чалып, аларга 7 жана 11 жаштагы жашы жете элек эки өспүрүм кыздар келип, Ошто жашаган атасына жеткирип коюсун суранып жатышканын кабарлашкан.
«Телефон чалуу болор замат, саат 21:15 Акыйкатчынын орун басары, Балдар Омбудсменин милдетин аткарып жаткан Гульнара Жамгырчиева Батыш автобекетине чыкты. Ал жерден «115 шыр байланыш» кызматына чалган айдоочулар жана кыздардын өздөрү менен жолукту. Г. Жамгырчиева кыздар менен сүйлөшүүдө, апасы каза болуп калгандыктан, Бишкекте эжесинин (атасынын бир тууганы) менен жашаарын, атасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашаарын тактады. 11 жаштагы кыз ыйлап, кайра эжесине кайтарып бербөөнү суранган, айтымында эжеси аларды колуна эмне тийсе ошону менен чаап, балдар үйүнө өткөрөм деп дайыма коркутат»,-деп айтылат маалыматта.
Айдоочулар “115 шыр байланыш” кызматынан тышкары милицияга, Жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясына чалышкан. Маалымат Бишкек мэриясынын алдындагы Жаштар жана балдар реабилитациялык борборуна да жеткен. КР мыйзамдарына ылайык, Акыйкатчынын орун басары Акт түзүп, саат 23:30 кыздарды Жаштар жана балдар реабилитациялык борборунун кызматкери Айганыш Ибрагимовага өткөрүп берген.
Ал эми кыздардын атасына телефон чалып байланыша алышкан эмес. Буга байланыштуу Акыйкатчынын орун басары Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусунун өкүлүнө атасын издеп таап, кыздары менен байланыштыруу тапшырмасын берди.
Кыздардын укугунун жана коопсуздугунун сакталышы боюнча Акыйкатчы аппараты көзөмөл кылат.