Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча КРдин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор каралып жатат. Аны өкмөт сунуштап, иштелип чыккан. Мыйзам долбоорду Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов окуду.
Ага залдагы депутаттар суроо узатышты. Анда вице-спикер Аида Касымалиева Ички иштер министрлигинен 2018-жылы жана 2019-жылы үй бүлөлүк зомбулуктан канча адам өлдү деген суроо берди.
Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 2018-жылы эки адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан каза болгонун айтты.
Аида Касымалиева: «Массалык маалымат каражаттарында 2018-жылы 68 аял үй бүлө зомбулугунан өлдү деген статистикалык маалымат жүрөт. Биз дагы суроо берүү үчүн даярданып келебиз. ИИМ силер үчүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылмыш эмес экен да. Колуңуздагы кармап турган кагаздагы маалыматты эжелеп араң окуп жатасыз. Эмнеге даярдыгыңыз жок келесиз. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук бул – трагедия».
Эл өкүлү берген суроолорго так жооп бере албайсыз деп министрдин орун басарын сынга алды.