• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ф. Кулов Атамбаевди кайтарган күзөт кызматкерлери качан алынуусу керектигин айтты

28 Кулжа 2019 19:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынган соң анын мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн баардык артыкчылыктарынан ажыраары белгилүү. Алардын бири Атамбаевди кайтаруу маселеси. Кечээ түнү Атамбаевдин күзөт кызматы алынганы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок, УКМК бул маалыматты четке кагып керек болсо Атамбаевдин кайтаруу кызматын күчөтүп берүүгө даярдыктарын билдиргени маалым. Ал эми бул тууралуу атайы кызматтын мурунку төрагасы Феликс Кулов өз пикири менен бөлүшүп, мындай жаралган абалда бир нече маани берчү бөлүктөр бар деди.

«Мында «КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамында юристтердин түрдүү пикирлерин жараткан бир канча моментти белгилеп өткүм келет. Негизгиси “экс” макамы өмүрүнүн акырына чейин берилет, бирок бул макамдан ажыратуу мүмкүнчүлүгү толук ыктымал. Аны Жогорку Кеңеш бир канча баскычтардан өтүп анан чечим кабыл алуу менен “экс” макамын алат. Бирок, мыйзамда “экс” макамын алган замат ага каралган артыкчылыктар да даро алынат деп жазылган эмес. Экс-президенттерге каралган артыкчылыктар жана ошондой эле күзөт кызматы да эки учурда гана алынат. Биринчиден- (3-б. 13-берене) сот тарабынан экс-президентке карата күнөө коюлган соң гана алынат. (Бул бөлүмгө көңүл бурбай коюга болбойт. Мындай кырдаалда албетте кызыктыдай кырдаал жаралат, бир жагынан “экс” макамы алынса, экинчи жагынан экс-президент деп атала берет). Экинчиден-баардык каралган артыкчылыктар КРнын Президентинин акты менен, эгер экс-президент мамлекеттик же саясий кызматка барса, партиянын ишмердиги менен алектенсе, анда ал макамын жоготуп, кол тийбестигинен ажырайт.

Мындан улам “экс” макамы алынаары менен экс-президентке каралган баардык ыйгарым укуктар, артыкчылыктар даро алынуусу керек дегенге болбойт, андыктан УКМКнын күзөттү албай коюсу мыйзамга каршы келбейт.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш беришти.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты

Количество просмотров: 15