Журналист Нарын Айыптын апасы Райла Идинова сотторго кайрылбаса, үйүн тартып алмак -дейт экс-премьер-министр Феликс Кулов.
Ал эми бүгүн буга байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков соттон Нарын Айыптын батирин сатыкка койбоону суранып сот аны канааттандырды.
Нурбек Сыдыковдун айтуусунда жоопкер 90 жаштагы апасы менен жашап жаткан батир анын жалгыз баш калкалоочу жайы экенин тастыктаган документти көргөздү.
Эске салсак, Башкы Прокуратура экс-президенттин ар-намысын коргоп журналист Нарын Айыпты, Zanoza.kg сайтын жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы ири суммадагы акчага сотко берген. Бардык соттук инстанциялар доогердин талабын канааттандырган. Доонун жалпы суммасы — 30 миллион сом.