“FactCheck.kg” сайтынын редактору Болот Темировго кол салууга шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын экөө 27 жашта, бирөө 28 жана бир адам 26 жашта жана алар Жалал-Абад облусунун тургундары болгон.
“Алар 14-январь күнү саат 07:00 кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки тергөө амаларды жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери жүрүүдө.




Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-январында Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына “Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору Болот Темиров жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 9-январында саат 12:45 чамасында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварынан азият үлгүсүндөгү белгисиз 25-30 чамасындагы үч жаран кол салып, күч колдонуу менен сабап “Самсунг Ж-7” үлгүсүндөгү 4000 сомдук уюлдук телефонун алып качып белгисиз тарапка качып кетишкен.
2020-жылдын 9-январында аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү ресстерине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинин 1 –бөлүмүнө каралган (Тоноо) боюнча иш козголгон.
Сотко чейинки өндүрүш иштери Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, ыкчам –терөө тобунун ыкчам иликтөө, издөө иш-чаралары жүрүшүндө 2020-жылдын 14-январында Бишкек ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылкы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышкан.
2020-жылдын 14-январында эртең мененки саат 07:00до Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98 –беренесине ылайык шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренсинин 2-бөлүмүнүн 1,2 пунктары жана 3-бөлүмүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо) менен Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киризилди. Азыркы учурда кылмыштын баардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатат.
Тергөө амалдарын жүрүшүндө бардык жагдайлардын аныкталышы менен шектүүлөрдүн кыймыл аракетине кошумча юридикалык баа берилет.
Эске салсак, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду 9-январда белгисиз адамдар аталган сайттын кеңсесинин жанынан сабап, телефонун алып кетишкен.