• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Фактчек: Коррупцияга каршы митингге 1251 адам чыкты

25 Жетинин айы 201918:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында өлкөдөгү коррупцияга каршы өтүп жаткан митингге 1251 адам келген. Бул тууралуу factcheck.kg басылмасы жазды.

Алар мындай тыянакка, атайы ар-кыл программаларды колдонуу менен жүргүзгөн кыскача иликтөөсүнүн натыйжасында келишкен.

Эске салсак, буга чейин «Кылым шамы» укук коргоо уюму митингге 2200 адам келгенин, иш-чара мыйзам бузуулары жок өткөнүн маалымдаган.

Жарандар «Азаттык», «Клооп» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) журналисттеринин иликтөөсүнөн кийин акцияга чыгышкан.

Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшууда. Алар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Алар акциянын башталышында Кыргызстандын гимнин аткарышып, 2010-жылы апрель окуясында окко учкандардын аты-жөнү жазылган тактага гүлчамбар коюшту.

Количество просмотров: 113