Иликтөө Bellingcat менен бирге жүргүзүлдү.
Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосун, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы жонунан 60 млн сомдук доо койду.
Ал бажы кызматында 1997-жылдан тарта 2017-жылга иштеп келген. Расмий маалыматка ылайык, анын кошумча киреше булагы болгон эмес. Буга карабай, Матраимовдун чыгымдары таң каларлык. Маселен, экс-бажы кызматкеринин жубайынын атына жалпы жонунан 12,5 млн долларды түзгөн кыймылсыз мүлк Дубайда катталганын буга чейин ЖМКлар кабарлаган.
Ал эми экс-чиновниктин “майда-чүйдө” чыгымын Factcheck.kg иликтеп көрдү. Ал үчүн Матраимовдун жубайынын социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрүнө көз чаптырдык.
Алгач расмий маалыматка кайрылсак: Райымбек Матраимов мамлекеттик кызматкер катары эки ирет, 2015 жана 2016-жылдары декларация тапшырган.

2015-жыл
2015-жылкы тапшырган декларациясында 56,7 чарчы метрлик батир көрсөтүлүп, жылдык киреше 587,4 миң сомду же айына орто эсеп менен 49 миң сомду түзгөн.
Ал эми Матраимовдун жакын туугандары ал жылы киреше тапкан эмес.
2016-жыл

2016-жылы чиновниктин эмгек акысы кыйла көтөрүлүп, айына 71 миң сомду түзөт, ал эми кыймылсыз мүлктүн катарын жаңы коттедж толуктайт. Мындан тышкары, Матраимовдун жакынкы тууганы жыл ичинде 12,6 млн сом киреше табат.

Чыгымдар
Декларацияда 7 млн сомдук чыгым көрсөтүлүп, аянты 190 чарчы метрди түзгөн жаңы коттедж пайда болгону тууралуу маалымат бар.
Дал ушул жылдары Матраимовдун жубайынын бакубат жашоосун социалдык тармактардагы сүрөттөр тастыктайт.
Матраимовдун жубайынынын сүрөттөрүндөгү кийим-кече жана аксессуарлар “люкс” классындагы дүйнөлүк бренддерге куюп койгондой окшош.
Өзүн Аманда деп атаган Уулкан Тургунова гүлдесте менен колунун сүрөтүн соцтармактарга 2015-жылдын октябрь айында жүктөгөн. Бир гана сүрөттөгү аксессуарлардын баасы млн сомдон ашкан. Cartier браслеттери кадимки жана ак алтындан бриллиант кошулуп жасалган. Алардын баасын бириктиргенде Райымбек Матраимовдун жылдык (2015-жылга карата) кирешесинен дээрлик эки эсе жогору.

*Браслеттен башка зергер буюмдардын баасын билүү мүмкүн болгон жок.
2015-жылдын 15-апрелинде Аманда Тургунова белекке алган Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унаанын сүрөтүн жарыялап “подарок от … (үч жүрөкчө)” деп жазган. Темир тулпар Матраимовдун декларациясында көрсөтүлгөндүктөн, ал 2014-жылга таандык экенин аныктайбыз. Ачык булактардан унаанын орточо баасы 4,5 млн сомдон жогорку экенине ынанабыз.

Алтын сааттар
Соцтармактардагы сүрөттөрдөн улам Матаримовдун жубайы түрдүү кол сааттарга жакын экенин билсе болот. Алардын арасынан “люкс” классындагы Hublot аттуу швейцар сааты көп кездешет.

Мындан тышкары, Rolex аттуу бриллиант саатынын да сүрөтү бар.

Ал эми италиялык Bulgari компаниясына таандык жылан сымал сааттын баасы 979 миң сом.

Cartier саатын 1 376 045 сомго сатып алса болот.

*2016 жана 2017-жылдары жүктөлгөн сүрөттөрдөгү сааттардын баасы Райымбек Матраимовдун 2016-жылкы кирешеси менен салыштырылган.
Chanel сааты 1 396 964 сом турат.

Chapard сааты 1,2 млн cом.

Chapard саатын 1,3 млн сомго алса болот.

Ал эми Райымбек Матраимовдун уулу тагынган саатка куюп койгондой окшош кол сааттар 14 800 евро турат.

Ачык булактардан алынган сүрөттөрдөгү гана сааттарга окшош болгон кол сааттардын баасы жалпы жонунан 12,4 млн сомду түзөт. Эң кызыгы, Райымбек Матраимов 3 ЖМКны сотко берген учурда кадыр-баркына шек келтирген үчүн Kloop.kg редакциясына 12,5 млн сомдук доо койгон. Бул акча каражат Матраимовдун бажы кызматында алган расмий 14 айлык акысына барабар.
Белгилей кетчү жагдай, соцтармактарга жүктөлгөн сүрөттөрдөгү бир нече сааттын баасы бул макалага киргизилген эмес. Себеби, айрым сааттар сүрөттө майда чыгып калгандыктан, алардын аталышын аныктоо мүмкүн болгон жок.

Кийим-кече
Тургунова Dolce&Gabbana брендине таандык делген кийим-кечени жактырат. Анын сүрөттөрүнүн арасынан атактуу дүйнөлүк бренддерге куюп койгондой окшош болгон 30 дан ашуун кийим-кече, сумка, бут кийим жана аксессуарлар табылган.
Маселен, Dolce&Gabbana брендине таандык делген жашыл түстөгү көйнөктүн баасы 199,1 миң сом.

Ал эми Dolce&Gabbana сумкасы (сүрөттө куюп койгондой окшош, эки жыл мурун жүктөлгөн) кеминде 513,3 миң сомду түзөт.

Соңунда
Биз сүрөт аркылуу аныктоого мүмкүн болгон гана буюмдардын баасын эсептедик. Мындан тышкары, соцтармактарга эс алуу учурундагы көптөгөн сүрөттөр жүктөлгөн. Анын ичинде Дубайдагы беш жылдыздуу мейманканада эс алуу, Германиядагы сейилдөө, ресторандардагы, яхтадагы эс алуу учурунда чыккан жана башка сүрөттөр бар.
Бул чыгымдар макалада чагылдырылган жок.
Тасмада Райымбек Матраимовдун уулу Челси-Манчестер Юнайтед футбол матчын Англиядагы VIP орундукта көрүүдө. Бул жердеги бир орундуктун баасы 1800 фунт стерлинг же 167 миң сомду чапчыйт.
Аманда Тургунова Бириккен Араб Эмираттарына көп каттайт. Сүрөттө ал Перс булуңунун яхта менен кыдырууда.


Төмөндө Матраимовдун жубайынын буюмдарынын тизмеси жана аларга окшош делген буюмдардын ачык булактардан алынган баасы.
| Сааттар | доллар/евро | сом |
| Chanel Premiere chain watch | $20 000,00 | 1 397 000 |
| Ballon bleu de Cartier watch | $19 700,00 | 1 376 045 |
| Rolex Yellow gold ledi watches | $33 150,00 | 2 315 528 |
| Bulgari змейка | 12 600,00 EUR | 978 642 |
| Hublot Gold White Diamonds | 34 200,00 EUR | 2 656 314 |
| IMPERIALE36 MM, QUARTZ, ROSE GOLD, STAINLESS STEEL, DIAMONDS | $17 700,00 | 1 236 345 |
| Chapard Happy sport | $18 600,00 | 1 299 210 |
| Hublot (сына) aerofusion | 14 800,00 EUR | 1 149 516 |
| жалпысынан сааттарга | 12 408 600 | |
| зергер буюмдар | ||
| Cartier Love 4 Diamants | 10 200,00 EUR | 792 234 |
| Cartier Love 4 Diamants | $4 350,00 | 303 848 |
| Tiffany Classic™Milgrain Wedding Band Ring 2 шт | $3 050,00 | 213 043 |
| жалпысынан зергер буюмдарга | 1 309 124 | |
| кийим-кече | ||
| DOLCE&GABBANA two ton Lace gown black | $6 011,00 | 419 868 |
| DOLCE&GABBAN off shoulder polka-dot dress | $1 681,00 | 117 418 |
| Women’s Brown Off-the-shoulder Leopard-print Dress | $1 495,00 | 104 426 |
| Dolce&Gabbana Designer Shirts | $998,00 | 69 710 |
| Dolce&GabbanaWomen’s Tie-Neck Rose-Print Gathered Blouse | $567,00 | 39 605 |
| Dolce&Gabbana Carretto-print textured | $1 994,00 | 139 281 |
| Gucci Sylvie Small Blue New Flora Leather Shoulder Bag | $2 590,00 | 180 912 |
| Dolce&Gabbana джемпер с ключами | $263,00 | 18 371 |
| Dolce&Gabbana Floral-print crepe dress | $1 732,00 | 120 980 |
| Dolce&Gabbana Hydrangea Brocade Cropped Straight-Leg Pants | $874,00 | 61 049 |
| Dolce&Gabbana tulip print dress, Women’s, Size: 42, Black, Wool/Silk/Spandex/Elastane | $2 275,00 | 158 909 |
| DOLCE&GABBANALemon print cotton shirt | 495,00 EUR | 38 447 |
| Dolce&Gabbana black chamomile silk print dress | $5 569,00 | 388 995 |
| Dolce&Gabbana t.shirt With Leaves Print | 690,00 EUR | 53 592 |
| Dolce&Gabbana Lemon Print Smocking Detail Cotton Dress S | $314,00 | 21 933 |
| Dolce&GabbanaKnee-Length Dress in BlackNot available in Spain | $1 478,00 | 103 238 |
| Dolce&Gabbanarobe mi-longue imprimée léopard | 1 650,00 EUR | 128 156 |
| Dolce&Gabbana Red polka dot dress list | $2 375,00 | 165 894 |
| Dolce&Gabbana Long dress | $2 675,00 | 186 849 |
| Dolce&Gabbana Green hydrangea pants | $874,78 | 61 103 |
| Dolce&Gabbana Green hydrangea stretch silk top | $902,00 | 63 005 |
| The Floral Dress That’s Hanging Pretty in Every Star’s Closet | $2 675,00 | 186 849 |
| Dolce&Gabbana jewel embroidered lace midi dress | 2 550,00 EUR | 198 059 |
| жалпысынан кийим-кечеге | 3 026 646 | |
| унаа | ||
| Lexus GX 460 2014 г. | 4 795 000 | |
| бут кийим | ||
| Dior Black Patent Miss Dior Peep Toe Platform Pumps Size 37.5 | 2442 | 46398 |
| Dolce&Gabbana Crystal-embellished printed brocade Mary Jane pumps | $747,00 | 303 848 |
| Dolce&Gabbana Banana Leaf Leather Block Heel T Strap Sandals | $1 145,00 | 79 978 |
| Dolce&Gabbana majolica pumps shoes sandals | $772,00 | 53 924 |
| Valentino Garavani Rockstud sandals in black varnished leather.Platinum-finish studs | 650,00 EUR | 50 486 |
| Valentino Pastel Combo Blue/Pink/Yellow Rockstud Triple Strap Sandals | $1 075,00 | 75 089 |
| Valentiono Rockstud Heels Pump patent red | $995,00 | 69 501 |
| Valentino Rockstud Watercolor Colorblock Leather Pumps | $1 145,00 | 79 978 |
| жалпысынан бут кийимге | 759 202 | |
| сумкалар | ||
| Dolce&Gabbana — ‘Sicily’ tote — women — Leather — One Size, Red, Leather | $3 375,00 | 303 848 |
| Dolce&Gabbana Handbags | $7 349,00 | 513 328 |
| Women’s Blue Rockstud Lock Shoulder Bag Small London Sky | 1119 | 104626,5 |
| DIOR Miss Dior Promenade Crossbody Clutch Noi | 1 550,00 EUR | 120 389 |
| Dolce&Gabbanasac à main Sicily médium | 1 550,00 EUR | 120 389 |
| Dolce&Gabbana Dau. Leather Bag MISS SICILY Mini Green 05985 | 699,00 EUR | 54 291 |
| Dolce&Gabbana large Sicily shoulder bag | 1 450,00 EUR | 112 622 |
| Dolce&Gabbana Rockstud Single Handle satchel | $2 295,00 | 160 306 |
| Valentino Garavani Clam lock choulder bag | $3 070,00 | 214 440 |
| Dolce&Gabbana Siclla miss Siclly bag | $1 245,00 | 86 963 |
| Dolce&Gabbana black escape | $1 095,00 | 76 486 |
| жалпысынан сумкага | 1 867 686 | |
| бардык каражат | 24 166 258 |
Булак: factcheck.kg