• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Фарид Ниязов кирешесин тизмесин тапшырган эмес

3 Тогуздун айы 201816:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.10.2018.Govori.TV.
Кече кирешеси жана чыгашасы тууралуу маалымат бербеген аткаминерлердин тизмеси чыкты.
Негизинен алганда декларациясын тапшырбаган мамлекеттик кызматкерлер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана айылдык кеңештерде иштейт.
Кыргызстанда 1754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-октябрга карата киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырган эмес. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.
Анда салык кызматы декларация тапшырбагандардын тизмесин сайтына жарыялады. Мунун ичинде: президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов дагы бар.
Ал ушул жылы ээлеген кызмат ордунан кеткен.
Количество просмотров: 47