• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Фарид Ниязов камакка алынды

9 Баш оона 201912:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.08.2019.Govori.TV

КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Ниязовдун бөгөт чарасы 10-августта каралат. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги да тастыктады.

Белгилей кетсек, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин имаратында сурак беришкен.

Количество просмотров: 13