• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Фарид Ниязов: Жээнбековдун аппараты сөздү туура эмес чечмеледи

3 Чын куран 2018 9:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.04.2018.Govori.TV
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-марттагы айткандарына жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди. Анда Фарид Ниязов Атамбаевдин КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында президент менен пикир келишпестик тууралуу суроого берген жообун «кошоматчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендерге алдырбоо тууралуу досуна жана мамлекет башчысына кеңеш” деп сыпаттаган.
«Биринчиден, азыркы премьерге жапырт чабуул коюу айтылуу «Райым миллиондун» бажыдан кетишине нааразы болгондор тарабынан уюштурулган деген божомол айтылган. Экинчиден, экс-президент 2016-2017-жылдардагы жана 2017-2018-жылдардагы кышкы мезгилге ЖЭБдин жабдуусун ремонттоо үчүн келишим Жээнбеков өкмөттү жетектегенде эле түзүлгөнүн эске салды. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Кытайдын насыясынын алкагында ЖЭБди реконструкциялоо менен ишкананы жыл сайын оңдоону алмаштырбашы керек. Бул жерде жыл сайын 280 миллион сомго чейин бөлүнгөн ремонт тууралуу сөз болуп жатат.», — деп жазылган КСДПнын Фарид Ниязовго шилтеме берип тараткан маалыматында.
Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП съездинен кийинки билдирүүлөрү боюнча 24.KG сайтына жооп берген.
«Президент Сооронбай Жээнбековго экс-президенттин билдирүүлөрү күтүүсүз болгон жок, себеби анда айтылган бардык сөздөрдү съездге чейин эки күн мурун талкуулашкан жана экөө тең өз позицияларында калган. Жыйынтыгында экс-президент эл алдында Сооронбай Жээнбековго болгон бардык таарынычын айтып алды»,-деген Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин айткандарына официалдуу жооп кайтарбастыгын белгиледи.
«Экс-президенттин пресс-конференциясы болушунча эмоцияналдуу болду. Ал коомчулуктун жана журналисттердин кызыгуусун канаатандырды. Экс-президенттин эмоцияналдуу сөздөрүнө комментарий берүүнү орунсуз деп эсептейбиз»,-деген президенттин маалымат кызматы.
«Алар Сооронбай Шарипович менен бардыгын сүйлөшүшкөн. Жана Алмазбек Атамбаев айткан сөздөрү боюнча Президенттин позициясын билет»,деп кошумчалады Стамалиева.
Президент Сооронбай Жээнбеков  Бишкек ЖЭБиндеги авариянын чыныгы себептери тууралуу иликтөөлөр бүткөндөн кийин өз пикирин билдирери белгилүү болду.
«Мамлекет башчы Бишкек ЖЭБиндеги тендер боюнча ызы-чууга тийешеси жок. Тендер боюнча макулдашууга 2013-жылы кол коюшкан. Анда Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда губернатор болчу»,-деди Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева күзгү-кышкы мезгилге кам көрүү жана 2017-2018-жылкы кыш мезгилинин маселесин да козгоду.
«Сооронбай Шарипович 2017-2018-жылкы кыш мезгилине даярдык көрүүгө катышкан эмес. Жээнбековдун премьер болуп турган мезгилине 2016-2017-жылкы кыш туура келет. Баары билгендей ал кыш узак болуп, октябрдан мартка чейин созулган. Анда кыш эч кандай көйгөйсүз чыкканбыз, Токмоктогу балдар үйүндөгү жылуулук өчкөн бир учурду эске албаганда. Бул авария премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлү астында жоюлган»,-деди президенттин маалымат кызматы.
Количество просмотров: 47