• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Фейсбуктагы «БеспределKG» баракчасынын администратору кармалды

27 Жетинин айы 201914:09 Бишкек Govori.TV

Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу фейсбуктагы «БеспределKG» баракчасынын администратору кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.

Ал эми УКМКнын билдирүүсүндө, А.Ж. ысымдуу жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Такталгандай жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан», — дейт УКМК.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча шектелүүдө.

Количество просмотров: 444