• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Фейсбуктун кызматкерлерине 1 жыл аралыктан иштөөгө уруксат берилди

7 Баш оона 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

Фейсбуктун кызматкерлерине 2021-жылдын июль айына чейин аралыктан иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар компаниянын расмий билдирүүсүнө таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим коронавирус пандемиясынын коркунучун эске алуу менен кабыл алынган. Компания кызматкерлерге үйдө иштөө шарттарын камсыздоо үчүн 1000 доллар өлчөмүндөгү акы төлөп турмакчы.

Белгилей кетсек, фейсбукту кызматкерлери ушул жылдын март айында аралыктан иштөөгө өткөн.

Количество просмотров: 66