Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу ошол учурдагы аткаминерлер четинен жоопкерчиликке тартылууда.
Кримтөбөл Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынды. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар билдиришкен.
Маалыматка ылайык, Соттор кеңеши макулдугун берип, судья Эрматов кармалган. 22- июнда, Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды.
Айрым маалыматтар боюнча ошол учурдагы Жогорку соттун төрайымы, азыр катардагы судьялык кызматты аткарып жаткан Феруза Жамашева да сурак берүүгө чакырылып, жоопко тартылары айтылууда.
Буга чейин, Феруза Жамашева Батукаевдин ишине эч кандай тиешеси жок экенин, мындан кабары болбогонун айткан эле.
Феруза Жамашева 2012-15-жылдары Жогорку соттун төрайымы болуп иштеген.