• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы боюнча маалымат

3 Бирдин айы 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттик 2020-жылдын февраль айына карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн болжолдуу аба ырайы боюнча маалымат таратты.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо -4…-6° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15° суукка чейин өзгөрүлүп турса, түндүгүндө айрым күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -16…-21° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -1…-6° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрсө, айдын аягында абанын күндүзгү температурасы 8…13° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 29-35 мм, тоо этектеринде 18-29 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -11…-16° суукка чейин, күндүз -1…-6° сууктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ай аягында абанын күндүзгү температурасы 8…13° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн. Айрым күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -17…-22°, күндүз -4…-9° суукка чейин төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (21-23 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1°сууктан…+1° жылуулукка чейин, тоо этектериндеги райондордо -1…-3° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -2° баштап +3º жылуулукка чейин, күндүз 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ай аягында абанын күндүзгү температурасы 12…17° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -8…-13º суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ай аягында абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (17-55 мм, тоо этектериндеги райондордо 37-93 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -4…-6° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -7…-12° суук болушу күтүлөт. Күндүз -2°суук…3° жылуулуктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 18-21 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12°, Кочкор районунда -5…-7° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -18…-23° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ал эми Ат-Башы районунда ай ичинде айрым күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -22…-27° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 0…-5° сууктан -8…-13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (11-14 мм).

Количество просмотров: 713