Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 96-орунду ээледи.
Бүгүн, 28-ноябрда жаңыланган рейтинг Азия Футбол конфедерациясы зонасында 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун жана жолдоштук беттештердин жыйынтыгы менен чыкты.
Ноябрь айында кыргызстандык команда 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында 2 оюн жана бир жолдоштук беттеш өткөрдү. 9-ноябрда Ташкент шаарында болгон беттеште кыргызстандык футболчулар өзбекстандык футболчулардан утулган.
Ал эми 14-ноябрдагы оюнда Кыргызстандын курамасы Япониянын курамасынан 2:0 эсебинде жеңилсе, Тажикстандын курамасы менен болгон оюн тең чыгуу менен аяктаган. Бул оюндардын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курамасы 94-орундан 96-орунга түштү.
Булак: АКИпресс.