• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Финансылык чалгын кызматы 700 миллион доллар тууралуу маалымат берди

21 Үчтүн айы 2020 12:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңеште Айеркен Саимаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму башталды.

Отурумга Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси Гуламжан Анарбаев чакырылган. Депутаттар чакырылгандардын маалыматтарын угуп жатышат.

Анда Финансылык чалгындоо кызматынынан 700 миллион доллар тууралуу маалымат берилип, ал каражаттар КРдин бюджетине тиешеси жок экенин билдиришти. Алардын маалыматы боюнча каражаттар биздин өлкөдөн чыгарылган эмес. Учурда ведомство тарабынан 700 млн.доллар кимге таандык экени аныкталып жатканы айтылды.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. 

Количество просмотров: 19