Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.
Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Матраимовдор менен тууганчылык байланышы тууралуу комментарий берди. Анарбаевдин билдирүүсүн мекеменин басма сөз кызматы таратты.
«Матраимовдор мындан 20 жыл мурун менин карындашымды келин кылып алган. Алардын баш кошконуна 20 жыл толду, чоң уулу 19 жашка чыгып калды, жакшыбы-жаманбы, жашап атышат. Аларды: «Кой, мага сөз тийип атат» деп ажыраштырып жибериш керекпи? Баарын эле жумуш менен аралаштыра берген да туура эмес. Мени Матраимовдор менен байланыштырган мамиле да, кызыкчылыктар да жок. Алар өзүнүн жолунда, биз өзүбүздүн жолубузда жүрөбүз», деп айтылат Гүламжан Анарбаевдин билдирүүсүндө.
Финансылык чалгын кызматынын төрагасы мындан сырткары буга чейин анын дарегине айтылып жаткан сөздөрдү да четке кагып, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго да тууган, куда эмес экенин билдирет. Ал муну «чындыкка дал келбеген ушак» деп атаган.