• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Финпол: 250 миң сом пара сунуштаган жаран кармалды (видео)

3 Бештин айы 2020 11:58 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) кызмат адамына пара сунуштаган жаранды кармады.

Финполдун басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусу боюнча финансы полициясынын кызматкерлери 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жатканда, кылмыш үстүнөн “Т.А.” деген жаранды кармашты.

“Т.А.” аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара сунуш кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси («пара берүү») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 114