• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Финпол: Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

6 Жетинин айы 2020 11:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси (“О.С.”) кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жетекчи бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган. Бүгүн түштөн кийин Биринчи май райондук соту тарабынан анын бөгөт чарасы каралат.

“Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен иш алып барып, дээрлик 70 млн сомго бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 110