• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Финпол: “Ош Электрдин” жооптуу адамдары мамлекетке 30 млн. сомдон ашык зыян келтиришкен

19 Үчтүн айы 2021 10:29 Бишкек Govori.TV

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Ош Электр” ААКга карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган ААКтын жооптуу адамдары Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, (аянты 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, жалпы аянты 619,66 чарчы метр болгон административдик имаратты сатышкан) Энергия сатуунун мурунку административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышканы аныкталды (болжол менен 100 миң АКШ доллары), аны сатуу учурундагы ушул сыяктуу жер участогунун орточо базар баасы 1 сотук жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Ошентип, “Ош Электр” ААКтын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда, “Ош Электр” ААКтын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 173