• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Финпол Райым Матраимовдун байлыгын чет өлкөдөн тапкан жок

22 Кулжа 201914:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.06.2019.Govori.TV.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (ЭККМК, Финпол) бир дагы чет өлкөдөн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү мүлк тапкан жок.

Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Бакир Таиров «Азаттык» үналгысына берген маегинде айтты.

Бирок Таиров Финпол Матраимовдун байлыгын кайсы өлкөлөрдөн издегенин ачык айткан жок. Болгону иликтөөнүн жыйынтыгы келерки жумада даяр болорун билдирди.

«Биз иликтөөлөрдү февраль айынын башында баштаган элек. Кесипкөй кызматкерлер иштеп, бир топ документтерди чогултту. Иликтөөнүн өз мөөнөтү бар. Келерки аптада жыйынтыктарды коомчулукка жарыялайбыз», — деди Таиров.

Ошондой эле ал бул иш иликтенип жатканда эч бир тараптан кысым болбогонун кошумчалады.

Количество просмотров: 12