Бишкек шаардык финансы полициясы «FRIMA» маркасындагы жасалма кургак сүт өндүргөн кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кургак сүт санитардык нормаларга туура келбеген шарттарда жасалган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси, товарларды же кызматтарды мыйзамсыз жасоо боюнча каттоого алынды.
Тергөө иштери уланууда.