• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Финполдун кызматкери чоң өлчөмдөгү пара менен кармалды (видео)

2 Тогуздун айы 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү «өтө чоң өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалган кызматкер менчик компаниянын өкүлдөрүнөн кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 1500 доллар акча алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иштер жүрүп, бул ишке башка кызматкерлердин катышы бар же жогу иликтенүүдө.

Количество просмотров: 167