Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тараткан маалыматта айтылгандай, «Акнет» ишканасына байланыштуу кылмыш иши анын акционеринин арызы боюнча козголгон. Арыз ээси компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын билдирген.
«Арызда айтылган маалыматтарды текшерүү соттун уруксаты менен жүргүзүлгөн. «Акнеттин» кеңсесин тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү салыкты жашырган документтер алынып, компаниянын банк эсептери камакка алынган. Ал эми «банк эсебинен Финполициянын кызматкерлери акча алган» деген маалымат — атайын коомчулукту алдоо максатында чыгарылган жалган маалымат. Тергөө учурунда компаниянын иши үзгүлтүккө учурабашы жана мамлекеттик органдар, карапайым кардарлар Интернетсиз калбашы үчүн банк эсебинен акча алып турууга уруксат берүү тууралуу бир нече жолу бизге өтүнүчтөр келип түшкөн. Ушундан улам негизги банк эсеби камактан чыгарылган» деп жазылган маалыматта.
Финполициянын маалыматы боюнча, «Акнет» компаниясы текшерүүлөрдүн натыйжасында мурда төлөбөй келген 150 млн. сом салыкты токтоосуз мамлекеттин бюджетине төгүп берген.
«Социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында жазылган, «Акнет» ишканасынын жетекчилиги менен Финполициянын кызматкерлери ич ара сүйлөшүп алганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. «Акнет» компаниясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн бардык тергөө-иликтөө иштеринин жыйынтыктары прокуратурага жиберилген» деп билдирет Финполиция.
«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Компанияны үлүш ээлеринин бири Кубан Ажимудинов жетектейт. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Руслан Абдумажитов менен Кубан Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик чыккан. Былтыр 2018-жылы 19-ноябрда Финансы полициясы Руслан Абдумажитовдун арызы боюнча кылмыш ишин козгогон.
15-апрель күнү Башкы прокуратура Финансы полициясынын тергөө бөлүмү кыскарткан беш кылмыш ишин кайра жандантып, аны иликтөөнү 28-мартта ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.
Финполиция «Акнетке» каршы Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу»), 232-беренеси 2-бөлүмү («Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу»), 253-беренесинин 2-бөлүмү («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») жана 337-беренеси («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу») менен иш козгогон.