Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту FlyJump спорт комплексинин ээсине баш коргоо чарасын тандады.
Соттун чечими менен айыпталуучу Н.уулу А. үй камагына чыгарылган.
«Бөгөт коюу чарасын тандоодо сот КР Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренесинин, тактап айтканда, анча оор эмес кылмыш жасаган деп айыпталган, мурда соттолбогон, туруктуу жашаган жери бар деген талаптарга таянган. , анын өздүгү такталып, тергөө органдарынан жана соттон жашырылган эмес. Демек, башка бөгөт коюу чарасын тандоого мыйзамдуу негиздер болгон эмес», — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 6-июль күнү Аламүдүн районунун Татыр айылындагы FlyJump спорт комплексинде бир адам 25 метрден жип менен секирип, ошол маалда аркан үзүлүп кеткен. Окуя болгон жерден 1985-жылы туулган Б.А. каза болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) боюнча кылмыш иши козголду. FlyJump спорт комплексинин ээси 1996-жылы туулган Н.А. кармалган.