Бишкек. 24.07.2019 Govori.TV
Ысык-Көл облусунун ар бир районунда багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдү даярдоо үчүн 21 адам атайын окуудан өтүштү. бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалым болду.
Окутуу турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөр үчүн коомчулук деңгээлинде үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулду.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үй-бүлөлүк курчоодо тарбиялануусу үчүн министрлик учурда багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүүгө багытталган активдүү иш-чараларды алып барууда.
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүүсү зарыл.
Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок, өздөрүнүн балдарын кошкондо 5 баладан ашпашы керек. Фостердик ата-эне болууну каалаган жарандар жашаган жери боюнча райондук/шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуусу талап кылынат.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом өлчөмүндө айлык акы, ал эми балдардын өздөрүнө (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) 6 миң сом ай сайын бөлүп берет.
Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн тез арада алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Ысык-Көл облусунда 9 багып алуучу үй-бүлөдө 17 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар тарбияланат.