«Илимди абстракттуу изилдөөлөргө эмес, экономиканы, социалдык чөйрөнү, жалпы мамлекетти өнүктүрүүгө багыттоо зарыл. Практика менен илимди айкалыштырып, учурда талап кылынып жаткан адистик атайын кесиптерди өнүктүрүүгө көңүл бурушубуз керек. Конкреттүү иш жасаган адистер аз болуп жатат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-ноябрда илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.
«Биздин өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө. Биз эмгек ресурстарынын саны менен атаандаштыкка туруштук бере албайбыз. Биз өнүгүү, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн калктын саны эмес, адам ресурстарынын сапатына көңүл бурушубуз керек. Билим жана илим мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылган негизги фактор болушу керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
«Бул сыйлыктын артында көп жылдар бою кылган мээнет, түгөнбөгөн түйшүк, түн уйкусу жок изденүүлөр турат. Сиздердин эмгегиӊиздерди мамлекеттик жогорку сыйлык менен белгилөө — адилеттиктин иши болду. Мамлекет өз жарандарынын мекенге арнаган эмгегин баалап, аларды сыйлап, барктап алыш керек. Коомдогу ардактуу ордун тастыктап, расмий белгилеп туруш керек. Бүгүн биз ошол миссияны аткарып жатабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.