• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Францияда полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду

6 Бештин айы 201915:24 Бишкек Govori.TV

Француз полициясы пенсия реформасына каршы чыккан демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кагылышуулар өлкөнүн Париж жана Нант шаарларында болду. Демонстранттар көчөгө «Макрон адашты» жана «Пенсияларыбызга тийбегиле» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Баш калаада демонстранттар жүк унаасын өрттөп жибергенден кийин полиция газ колдонду.

Францияда бейшемби күнү жалпы элдик иш таштоо башталып, анын жыйынтыгында коомдук транспорт токтоп, мектептер менен ооруканалар толук иштебей калган.

Пенсия реформасы — президент Эммануэл Макрондун шайлоо алдында берген убадаларынын бири. Сунушталып жаткан пенсия системасына ылайык, жарандарда пенсияга 62 жашында чыгуу укугу сакталып калат, бирок төлөмдөрдү толук алуу үчүн алар кеминде 64 жашка чейин иштеши керек болот. Бул курак акырындык менен жогорулап турат.

Количество просмотров: 43