• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Фрунзе көчөсү жакында ачылат

16 Аяк оона 20259:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жылуулук трассаларын жаңылоо иштери аяктап, унаа кыймылы жакынкы аралыкта жарым-жартылай жанданат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, диаметри 700 мм болгон эски түтүктөр диаметри 900 мм жаңысына алмаштырылды. Жер казуу жана реконструкция иштеринен кийин траншея казылган бөлүктөрүнө 7 см калыңдыктагы асфальт төшөлдү.

Эске салсак, Фрунзе көчөсү 2026-жылы толук кеңейтилип, жаңы асфальт-бетон катмары төшөлө турган көчөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Количество просмотров: 91