• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Фрунзе+” соода жайындагы  жашыруун кумаркана табылды

4 Кулжа 2018 10:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.05. 2018. Govori.TV
Каржылык мыйзам бузууларга каршы Мамлекеттик кызматы Бишкектеги “Фрунзе+” соода-жайындагы мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркананы ачыктады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, 30-майда аталган кызмат атайын рейддин негизинде аталган жайда жашыруун иштеп жаткан кумар оюндарынын ойнотуучу жерди тапкан жана бул факты боюнча КРнын КЖКнын 259-беренеси(кумарканаларды уюштуруу жана кармоо, кумар оюнарын жана лотереияларды оюн жабдыктарын колдонуу менен өткөрүү) менен кылмыш ишин козгогон.
Кошумчалай кетсек, бул кумарканага атайын тинтүү жүргүзүлүп ал учурда кумар оюндары менен алектенип жаткан 20дан ашык жаран күбө катары суралган, ошондой эле  “орус лотосу” кумар оюнунун билеттери, акчалай каражаттар да далил зат катары катталган.
Количество просмотров: 39