• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

ФСБ башчысы: «Крокустагы» теракт боюнча 20дан ашык киши кармалды

27 Бугу 20249:08 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы терактка байланыштуу 20дан ашык киши кармалганын билдирди.

КМШга (көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жетекчилеринин Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөгөн Бортников Борбор Азия мамлекеттериндеги кесиптештеринин түздөн-түз көмөгү менен террорчуларды даярдоо жана каржылоо иштери «Вилаят Хорасан» тобунун мүчөлөрү тарабынан интернет аркылуу көзөмөлдөнүп турганы аныкталганын белгиледи.

«Бул теракт боюнча тергөө иштерине көмөктөшкөнү үчүн КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарына ыраазычылык билдирем. Учурда кылмышка катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 20дан ашык киши кармалды. Алардын арасында терактты ишке ашыргандар жана аларга жардам бергендер бар», – деди Бортников.

Количество просмотров: 63