• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ФСБ «Вагнерге» каршы козголгон кылмыш ишин токтотту

27 Кулжа 2023 16:49 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын Москвага жасаган жортуулунан кийин козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялады.

Буга чейин Кремль бул ишти «Вагнердин» башчысы Евгений Пригожин менен түзүлгөн келишимдердин алкагында жабууга убада кылган.

Козголоңдун натыйжасында кеминде 10 орус аскери набыт болуп, миллион калкы бар шаар бийликке баш ийбеген куралдуу топтун көзөмөлүнө өткөн.

ФСБнын билдирүүсүндө коопсуздук кызматы «козголоңдун катышуучулары түздөн-түз кылмыш жасоого багытталган аракеттерди токтоткондугун аныктады» деп айтылат.

Количество просмотров: 83