• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Футбол курамасынын кызматтан кеткен башкы машыктыруучусу Крестинин кайрылуу жасады

6 Чын куран 202310:02 Бишкек Govori.TV

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткенден кийин кайрылуу жасады. Крестининдин кайрылуусу жазылган видеону Кыргызстандын футбол союзу Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Мен Улуттук курама команданын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын жана сыймыктанам. Рахмат Кыргызстан! Менин жүрөгүмдө биздин биргелешкен ишибиз өзгөчө орунда турат.

Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучулар штабына көп жылдар бою чогуу иштегенибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз абдан узак жолду басып өттүк. Биздин иш учурунда көп нерселер болду. Стадионубузду толтурган күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Көптөгөн абдан жакшы көз ирмемдерди баштан өткөрдүк. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун орду өзгөчө. Ошондой эле Кыргызстандын футбол союзуна, бардык кызматкерлерге биргелешкен ишибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Баарына ийгилик, жаракатсыз жана футболдо узак өмүр каалайм», — деп айтылат Крестининдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 4-апрелде Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан расмий кеткени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 144