• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Футбол: Кыргызстан-Оман беттешинин биринчи бөлүгү аяктады

21 Жетинин айы 2023 20:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Омандын командасы менен беттеши өтүп жатат.

Учурда оюндун биринчи бөлүмү аяктады. Эсеп ачыла элек.

Белгилей кетсек, оюнга күбө болуу  үчүн президент Садыр Жапаров баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрү келген.

16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилген.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Количество просмотров: 122