• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан Словения жана Оман менен визасыз режим боюнча макулдашууларды ратификациялады

9 Чын куран 202612:33 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Словения жана Оман ортосунда визалык талаптарды жеңилдеткен макулдашууларды ратификациялады.

Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 12-мартында кабыл алынган.

Ага ылайык, дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери бул өлкөлөргө визасыз кирип-чыгып, транзит өтүп жана 180 күн ичинде 90 күнгө чейин жүрө алышат. Бул чечим эл аралык байланыштарды чыңдоого жана ишкердик мобилдүүлүктү арттырууга багытталган.

Маалымат үчүн:
Кыргызстанда дипломатиялык паспорт жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдарга берилет. Аларга президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, дипломаттар жана чет өлкөлөрдө расмий иш жүргүзгөн мамлекеттик өкүлдөр кирет.

Количество просмотров: 123