Ош шаарынын «Алай» футболдук клубунун чабуулчусу Кожо Жоэл менен кыргыз кызы Айзаданын үйлөнүү тою өттү. Жакшылыкка күбө болгондор той 20-октябрда Токмок шаарында болгонун билдиришти.
Ганиялык легионер Кожо Жоэл Гана Республикасынын жараны. 2 жылдан бери «Алай» футбол клубунда ойнойт. Өткөн жылы Кыргыз премьер-лигасында дарбазага эң көп гол киргизип, мыкты чабуулчу аталган.