• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Өгөй атасы сабаган өспүрүмдүн иши боюнча бир катар кызматкерлерге тартиптик жаза берилди

16 Бештин айы 2020 12:04 Бишкек Govori.TV

Өспүрүм баланын өгөй атасы тарабынан сабалышы тууралуу окуяга байланыштуу бир катар кызматкерлерге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-ноябрында интернет булактарына жарыяланган, Сокулук РИИБдүн “102” кызматына телефон чалып жашы жете элек өспүрүмгө өгөй атасы зомбулук көрсөткөнү тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери 5-6 саат аралыкта келбегени тууралуу материал жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан келген мыйзамды бузууларды жоюу боюнча сунуштама боюнча Чүй облусу боюнча ички иликтөө кызматы жана Чүй облусунун ИИББы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

«Кызматтык иликтөө учурунда Сокулук районунун ИИБдүн Коомдук коосуздук кызматынан кызматкери, нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер тескөөчүсү милцииянын капитаны Д.Т.га “сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланган жана анын жардачысы милициянын ага сержанты Н.Н. кызмат учурунда кетирген кемчиликтери үчүн ага “эскертүү” берилген, ал эми Сокулук РИИБдүн Новопавловка аймактык милциия бөлүмүнүн жашы өспүрүмдөр менен иштөө инспектору милициянын майору К.К. маалымат боюнча чыгып өз убагында, коргоо ордерин бербегендиги үчүн ага да “эскертүү”тартиптик жазасы жарыяланган», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда өспүрүм балага байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында дайындалган соттук-медициналык эспертизанын корутундусу даяр болгон соң, толук кандуу юридикалык чечим кабыл алынат.

Количество просмотров: 166