Гүлчө айылында жайгашкан №92843 аскердик бөлүктүн ток урган аскери, ефрейтор Ш. у А каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, токко урунган аскер кечээ, 8-декабрда 19.30дар чамасында каза болгон.
“Жабыркаган аскер ооруканага жеткирилип жардам көрсөтүлгөн. 6-декабрдан тартып ал Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө болуп, кечки саат 18дер чамасында абалы начарлаган. Дарыгерлер тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлгөн, бирок эч кандай жыйынтык берген эмес”,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 4-декабрда Гүлчө айылында жайгашкан №92843 аскердик бөлүктүн келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскери — радиотелефонист, ефрейтор Ш. у А. тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп баратып, радиостанциянын антеннасы аркылуу токко урунган