• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Гүлмира Шарабидинова: Лидерликти үйрөнүп, алдыга умтулгум келет

16 Жетинин айы 2020 11:47 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Гүлмира Шарабидинова.

Ош шаарынан келген Гүлмира эки баланын энеси, учурда юрист болуп эмгектенет.

«Жеке фирмада юрист болуп иштейм. Жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкермин. Келечекте пландарым көп, алардын бири үй бүлөлөрдүн ажырашуу көйгөйү. Мисалы ажырашкан үй бүлөнүн балдары тууралуу көйгөйлөрдү көтөрөбүз. Алардын балдарынын укутарын колдоо, кыздардын эрте турмуш куруусу сыяктуу масалелерди дайым көтөрүү керек», — дейт Гүлмира Шарабидинова.

Количество просмотров: 73