• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылды

18 Жалган куран 2020 14:19 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаардык соту Өзбекстандын биринчи президентинин улуу кызы Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш иши боюнча териштирүүнү жыйынтыктады.

Жогорку соттун маалыматы боюнча, Г.Каримова 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылды.

Жаза өтөө мөөнөтү 2015-жылдын 21-августунан тарта эсептелинет. 8-январда Ташкент шаардык сотунда Гүлнара Каримованын иши боюнча соттук угуу башталган.

Буга чейин Башкы прокуратура билдиргендей, Г.Каримова башка жактар менен акча талап кылуу, бюджеттеги каражаттарды уурдоо жана кирешелерди адалдоо кылмыштарын жасаганы үчүн айыпталган. Г.Каримова Ташкент облусундагы Зангиата районундагы аялдар абагына 2019-жылдын март айында камалган.

2019-жылдын декабрында Башкы прокуратура тергөө Г.Каримова уюшкан кылмыштуулук топ менен иштегенин аныктаганын маалымдаган. Мындан тышкары Каримова басым көрсөтүү жана коркутуу жол менен ар кайсы компаниялардын ээлеринин мүлктөрүн өзүнө каттатып турган. Ал 165 млн доллар жана 85 млрд сумга (9 млн доллар) зыян келтирген.

Количество просмотров: 234