• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Каримова камакта отурганда ага байланышы бар делген Гонконгдогу пентхаус $68,4 млн сатылган

1 Теке 2022 9:29 Бишкек Govori.TV

Гүлнара Каримова менен анын шериктери камакта отурганда ага байланышы бар делген Гонконгдогу The Arch деп аталган пентхаус 68,4 миллион долларга сатылган. Бул тууралуу Газета.уз сайты канадалык The Globe and Mail басылмасына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, пентхаусту 2008-жылы Гүлнара Каримовага байланышы бар экени айтылып жүргөн Zeromax компаниясы 36,5 миллион долларга сатып алган. Үч айдан кийин ал батир Rudolph Alliance аттуу офшор компанияга арзандатылган баада кайра сатылган. Аталган компаниянын негиздөөчүсү катары Каримованын мурдагы күйөөсү Рустам Мадумаров көзөмөлдөгөн Гонконгдогу Expoline компаниясы көрсөтүлгөн.

The Globe and Mail басылмасынын белгилешинче, бир нече өлкөдөгү соттук териштирүүлөр да, Гүлнара Каримованын 2013-жылы соттолушу да ири өлчөмдөгү каражаттын кыймылын токтоткон эмес. 2016-жылы The Arch пентхаусуна ээлик кылган жана Рустам Мадумаров көзөмөлдөгөн компания аны 68,4 миллион долларга кайра саткан.

Буга чейин Гүлнара Каримованын женевалык адвокаты Грегуар Манжа «Каримова Zeromax компаниясына тиешеси бар экенин четке кагып келээрин» белгилеген. Анын айтымында, 2017-жылы Швейцария прокуратурасы Каримованы аталган компанияга байланыштырууга аракет кылгандардын арызын кароодон баш тарткан.

2015-жылы өзбек соту Гүлнара Каримованын эркиндигин беш жылга чектеген өкүм чыгарган. Бирок 2019-жылы ал абакка которулган. 2020-жылы мартта Каримова «Мамлекеттин каражатын уурдоо», «Өзбекстандын кызыкчылыктарына туура келбеген келишимдерди түзүү» жана «Башка бирөөнүн ири суммага бааланган мүлкүн ээлеп алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 13 жыл 4 айга соттолгон.

Количество просмотров: 1418