• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Гүлнара Каримованын Москвадагы алты батири конфискацияланды

13 Аяк оона 2022 15:50 Бишкек Govori.TV

Орусия соту Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын Москвадагы алты батирин конфискациялоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Өзбекстандын юстиция министринин орун басары Музраф Икрамов Каримованын конфискацияланган батирлерин сатуудан түшкөн акчаны Орусия менен Өзбекстан теңме-тең бөлүп аларын билдирди. Анын айтымында, учурда батирлерди сатуу иштери уланууда.

2020-жылы Өзбекстандын Юстиция министрлиги Башкы прокуратура менен биргеликте Каримованын «кылмыштуу жол менен тапкан» 1,3 миллиард долларлык активдерин өлкөгө кайтаруу иштери жүрүп жатканын билдирген.

 Мекеменин маалыматына караганда, Каримованын Орусиядагы банк эсептеринде 6 миллион доллар бар. Мындан тышкары анын Москвадагы «Камелот» турак жай комплексинде пентхаусу, «Рублевкада» хансарайы жана сегиз батири бар. Ошондой эле Каримова Ялтада жалпы баасы 2 миллион доллардан ашкан мейманкана комплексине, турак үйгө жана жер тилкесине ээлик кылат.

Буга чейин Өзбекстан менен Швейцария Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш иштеринин алкагында конфискацияланган активдерди Ташкентке кайтаруу үчүн Көп тараптуу тарсттык фонд түзөрү белгилүү болгон. Бүгүнкү күнгө карата Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариядагы эсебинде сакталып турган 131 миллион доллар кайтарууга даяр турат.

Өзбекстанда 2013-жылы Гүлнара Каримовага каршы «Акча кымыруу» жана «Салык төлөөдөн качуу» беренелери менен эки кылмыш иши козголгон. 2015-жылы биринчи иш боюнча беш жылга, 2017-жылы экинчи иши боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү беш жылга эркиндигин чектөө жазасына алмаштырылган.

2020-жылы мартта Ташкент шаардык соту Гүлнара Каримованы 13 жыл 4 айга соттогон. Ал «Мамлекеттин каражатын уурдоо», «Өзбекстандын кызыкчылыктарына туура келбеген келишимдерди түзүү» жана «Башка бирөөнүн ири суммага бааланган мүлкүн ээлеп алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Каримова 2019-жылдын жазынан бери Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар колониясында жазасын өтөп жатат.

Өзбекстанда Гүлнара Каримовага кылмыш иштери козголгонго чейин АКШда жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө ага каршы «Коррупция» жана «Акча адалдоо» беренелери менен бир нече иш ачылган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Каримова Өзбекстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алып берем деген убада менен МТС, «Вымпелком», ING жана башка чет өлкөлүк компаниялардан 1 миллиард доллар пара алган. Андан соң кылмыштуу тобунун жардамы менен акчаны чет өлкөлөрдөгү офшорлорго чыгарып, дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен кымбат баалуу хансарайларды сатып алган. Мындан тышкары 555 млн. доллар анын Швейцариядагы банк эсебинен, дагы 200 млн. доллар башка өлкөлөрдөгү банктардан табылган.

Количество просмотров: 53