• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Гүлнара Каримовага кызы менен жолугушууга уруксат берилген жок

26 Чын куран 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун камактагы улуу кызы Гүлнара Каримова жатак абакка которула турганы жөнүндөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каримова жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Ташкенттин четиндеги №21 аялдар абагынын жетекчиси Гульхаё Каримова билдирди.

Буга чейин аталган түрмөдөн чыккан аялдардын бири «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы менен сүйлөшүп, Гүлнара Каримова №42 жатак абагына которулганы жатканын айткан. Анын маалыматына караганда, жатак абактын аймагында Каримова үчүн төрт бөлмөдөн турган атайын үй даярдалган. Ал Гүлнара Каримованын Лондондо жашаган кызы Иман Каримова дал ушул окуяга байланыштуу Ташкентке учуп келген болушу мүмкүн экенин айткан.

Ал ортодо бир нече күн мурда Ташкентке келген Иман Каримова Instagram баракчасына билдирүү жарыялап, абак жетекчилиги аны апасы менен жолуктуруудан баш тартканын, аны эки жылдан берки көрө элек экенин жазган.

14-апрелде Өзбекстандын акыйкатчысы баштаган мониторинг тобу менен бирге Ташкенттеги аялдар колониясына барып келген укук коргоочу Агзам Фармонов Гүлнара Каримованы абактын ооруканасынан көргөнүн билдирген.

49 жаштагы Каримова быйыл март айында түрмөдөн чыккан аялдардын бири аркылуу жакындарына кат берип жиберген. Кызы Иман Каримованын Telegram-каналына жарыяланган катта абакта ал кыйноого кабылып жатканы жазылган.

Гүлнара Каримовага Өзбекстанда «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айыптар коюлган. Ал 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 184